Өзгөндө шаар күнү белгиленип, элге 1,2 тонна аш акысыз таратылды


Күн мурун Өзгөндө шаар күнүнө арналган майрамдык салтанат өтүп, тургундарга жана меймандарга 1,2 тонна өзгөн ашы акысыз таратылды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, иш-чарага өкүлдүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Майрамдык программанын алкагында спорттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн жана дыйкандардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.

Иш-чара белгилүү ырчылардын катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыкталды.