Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль кураштырды.
Илим министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн окуу жай 280 миң сом бөлүп берген.
Жаш ойлоп табуучу долбоорун жетекчиликке сунуштап, колдоо тапкандан кийин ишке киришкен. Унаа электр энергиясы менен иштейт жана күндүн нурунан энергия алууга да мүмкүнчүлүгү бар. Электромобиль университетке келген конокторду окуу жайдын аймагында ташуу үчүн пайдаланылат.
Студенттин эмгегин жогору баалаган окуу жайдын жетекчилиги анын тажрыйбасын арттыруу үчүн Кытайдагы унаа чыгаруучу ишканаларга алып барууну пландап жатат.

