Кыргызстандан Сауд Арабиясына Маскат аркылуу авиакаттамдар ачылды


Эми кыргызстандыктар Омандын борбору Маскат аркылуу Жидда жана Медина шаарларына уча алышат. «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын маалыматына ылайык, каттамдар Бишкек жана Ош шаарларынан аткарылат. Алар Сауд Арабиясына, анын ичинде зыяратка барууну жеңилдетүүгө багытталган.

Каттамдардын жадыбалы:
• Бишкектен — жумасына 4 жолу: шейшемби, бейшемби, жума жана ишемби. Багыты: Бишкек → Маскат → Жидда / Медина → Маскат → Бишкек.

• Оштон — жумасына 2 жолу: дүйшөмбү жана шаршемби. Багыты: Ош → Маскат → Медина / Жидда → Маскат → Ош.