Кыргызстандын окуучулары Румынияда өткөн Stelele Informaticii 2026 эл аралык информатика олимпиадасында эки күмүш, эки коло медаль жана бир ардак грамота жеңип алышты.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, олимпиада 16-19-октябрда өтүп, ага 23 өлкөдөн 200дөн ашуун окуучу онлайн форматта видеокөзөмөл астында катышты.
Күмүш медалдарды Азирет Исраилов менен Эмирхан Сыдыкбаев, коло медалдарды Бектен Абдувалиев менен Таалим Турумбеков алышты. Ал эми Атай Өмүрбеков ардак грамотага татыды.
Кыргызстандын атынан олимпиадага жалпысынан сегиз окуучу катышты.

