Ички иштер министрлиги жарандарды өз аккаунттарын жана жеке маалыматтарын коргоону күчөтүү үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат.
Эки факторлуу аутентификация- бул аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары, атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылган коопсуздук чарасы.
Эки факторлуу аутентификацияны кантип күйгүзүүгө болот?
Аккаунтуңуздун коопсуздук жөндөөлөрүнө кириңиз.
«Эки факторлуу аутентификация» же «Эки этаптуу текшерүү» бөлүмүн табыңыз.
Өзүңүзгө ыңгайлуу ырастоо ыкмасын тандап, көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
Бул функция аккаунттун коопсуздугун кыйла жогорулатып, сыр сөз чыгып кеткен учурда да анын бузулуу коркунучун азайтат. ИИМ жарандарга ар бир аккаунт үчүн өзүнчө татаал сыр сөз колдонууну, ырастоо коддорун башкаларга бербөөнү жана аккаунтка кирген түзмөктөрдү үзгүлтүксүз текшерип турууну сунуштайт.
Жеке маалыматтарыңызды бүгүнтөн баштап коргоңуз-алдамчыларга аккаунтуңузга кирүүгө жол бербеңиз!

