Новопавловкада теңтушун сабаган өспүрүмгө иш козголуп, дагы бир шектүү кармалды


Чүй облусунун Новопавловка айылында 16 жаштагы өспүрүм теңтушун сабап салган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Милициянын маалыматына караганда, жабыркаган баланын атасы арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Алгач милицияга 16 жаштагы өспүрүм менен жабырлануучу алып келинген. Кийинчерээк укук коргоо органдары окуяга шектүү катары дагы бир 17 жаштагы өспүрүм кармалганын билдиришти.