Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга баңгизат ташыган 4 жаран кармалды


КР УКМК КР Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү «марихуана» баңгизаттарын жеткирүүгө тиешеси бар уюшкан эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, ага бөгөт койду. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан түзүлгөн, өлкө аймагында баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенген туруктуу баңгизат тобунун ишмердүүлүгү аныкталды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген бир нече трансулуттук баңгизат топторунун ишмердүүлүгү аныкталып, аларга бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы наркы 15 млн сомдон ашкан баңгизаттар (мефедрон аттуу синтетикалык баңгизат, гашиш жана марихуана) алынды. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деген шек менен Кыргыз Республикасынын төрт жараны кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын тактоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.