Садыр Жапаров Агартуу министрлигинин санариптештирүү ишин «нөл» деп баалады


Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон райондорунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып Агартуу министрлигин санариптештирүү иши боюнча кескин сынга алды.

«Силер санариптештирүүдөн дээрлик нөл экенсиңер. Илгерки кагаз боюнча жүрөт экенсиңер, ал тургай кайсыл мектеп, кайсыл районго канча китеп кеткенин билбейт экенсиңер. Азыр министр иш сапарда жүрөт, кечээки республикалык жыйында катуу сөгүш берейин дедим эле. Эгер санарипке өткөндө баарын көрүп турат элеңер. Мурда Соцфонддо дагы болгон, өлүп калган адамга пенсия алып жатат деп акчаны алып жүрө беришкен. Нарынга 15 миң китеп деп берип жиберипсиңер, беш миңи таратылып, 10 миңи кампада турат. Аны министрликтегилер билбейсиңер. Министрге айтып барыңыз», — деди президент.