ИИМ Telegram жана WhatsApp мессенджерлериндеги шектүү файлдарды ачпоону эскертет


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу зыяндуу файлдардын таралышы боюнча жарандарды эскертет. Алдамчылар «Бул сенсиңби?», «Видеодогу сенби?» деген билдирүүлөр менен .apk форматындагы шектүү файлдарды жөнөтүшөт. Колдонуучунун кызыгуусун жаратып, файлды жүктөп алууга жана орнотууга түрткү беришет.

Мындай файлды Android түзмөгүнө орнотуу жеке маалыматтардын уурдалышына жана аккаунттардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

ИИМ жарандарды төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

-Белгисиз .apk файлдарын жүктөп албаңыз жана орнотпоңуз.
-Шектүү шилтемелерди ачпаңыз.
-Файл тааныш адамдан келсе да, анын чын-төгүнүн башка жол менен тактаңыз.
-Аккаунттарыңызды коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны кошуңуз.

Эсиңизде болсун: «Бул сенсиңби?» деген билдирүүнүн артында киберкоркунуч жашырынышы мүмкүн. Шектүү файлдарды ачпаңыз-жеке маалыматтарыңызды коргоңуз!