«Жунхайдагы» өрт боюнча кылмыш иши козголду

Screenshot

Бишкектеги «Жунхай» базарындагы өрттүн кесепетинен 25 контейнер зыян тартты. Өрт каптаган аянт болжол менен 1 000 чарчы метрди түздү.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүү» (275-беренесинин 2-бөлүгү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалды.

Маалыматка караганда, өрт Ибраимов көчөсүндөгү кампалардын биринен чыгып, жанаша жайгашкан люстралар жана башка жарык берүүчү жабдуулар сакталган контейнерлерге жайылган.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жараат алгандар катталган жок.