Бишкектин Свердлов районунда мамлекеттик социалдык контракт программасын ишке ашыруу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Райондун тургундарынан жалпы 57 арыз түшкөн. Алардын ичинен аз камсыз болгон 16 үй-бүлөгө өз ишин ачууга 150 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилди. Жыйындын жыйынтыгында комиссиянын мүчөлөрү дагы сегиз бизнес-долбоорду жактырышты.
Белгилей кетсек, райондогу муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча иштер улантылууда.

