Бишкекте Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу скутерди сүзүп, 16 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-октябрында саат 01:50 чамасында 25 жаштагы Э.А. жолтандабас менен Чыңгыз Айтматов проспектинде (Москва көчөсүнүн кесилишинде) жолдон светофордун кызыл жарыгынан өтүп кеткен. Анын кесепетинен Москва көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан мотоскутерди каккан. Светофордун алдында токтоп турган Weltmeister EX-5 үлгүсүндөгү автоунааны да сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен мотоскутердеги 16 жаштагы өспүрүм окуя болгон жерден жан берген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүнүн (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде иш козголду.
Lexus LX 570 автоунаасынын айдоочусу Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери башталды.

