Жогорку Кеңештин төрагасы Япониянын делегациясын Бишкектеги тоо саммитине чакырды


23-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Японияга расмий сапарынын алкагында өлкө парламентинин Сенатынын төрагасы Масакудзу Сэкигути менен  жолугушту. Тараптар парламенттер аралык байланышты чыңдоо, соода жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Маматалиев япон делегациясын 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды. Ошондой эле Кыргызстандагы долбоорлорду, анын ичинде JICA агенттиги аркылуу ишке ашырылган демилгелерди колдогону үчүн Японияга ыраазычылык билдирди.