Кочкор-Ата шаарында жылына 450 миң тонна мунай заттарын кайра иштетүүгө жөндөмдүү жаңы мунай иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, ишкана жыл аягына чейин толук кубаттуулукта ишке кирип, 300гө жакын жумуш орунун түзөрү күтүлүүдө.
Президент ошондой эле Майлуу-Суудагы электролампа заводун калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
«Ишканага 2022-жылдан бери колдоо көрсөтүлүп келет. Ал эми Майлуу-Суу индустриалдык паркын түзүү инвестиция тартууга, жаңы өндүрүштөрдү ачууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт», — деди Садыр Жапаров.

