“Ош базары” келе жаткан жылы март-апрелдерде көчүрүлөт


Бишкектеги “Ош базары” жаңы соода-базар комплексине 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Садыр Жапаров “2021-жылы Кыргызстанда чоң-чоң базарлардын ээлерин чогултуп, соодагерлер менен элге шарт түзүп бергиле” деп айтканын, бирок ал аткарылбаганын кошумчалап, жаңы “Ош базарын” мамлекет өзү куруп жатканын кабарлады.

“Мадина” базарын көрдүңөр, э. 4-5 жылда акчаңды чыгарып беребиз деп жеке менчиктен мамлекеттин көзөмөлүнө алдык. “Ош базарын” 100% мамлекет өзүбүз салдык. Кудай буюрса келе жаткан жылы март-апрелдерде көчүрөбүз”, — деди ал.