Өлкөдө күрөөнү жана жөлөк пулду онлайн-каттоо жөнөкөйлөтүлдү


Кыргызстанда насыя төлөнгөндөн кийин күрөөнү онлайн алып салууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын толук төлөгөндөн кийин күрөөнү алып салуу үчүн банкка, андан кийин Жер агенттигине барып, кагаз түрүндөгү документтерди тапшырышы керек болчу. Бул процесс бир-эки күнгө чейин созулуп кетчү.
Эми мунун баарын «Түндүк» тиркемесинен эле жасоого болот. Күндөп созулган жумушту беш саатта эле бүтүрүү мүмкүн экени кошумчаланды.
Мындан тышкары, өкмөт документ ырастоо процедурасын жөнөкөйлөтүүчү дагы бир реформасы тууралуу айтты. Буга чейин студент кезде багуучусунан ажыраган жаштар мамлекет берчү жөлөк пулду узартуу үчүн мурдагыдай жал сайын окуган жеринен маалым кат алып, тапшырууга милдеттүү эле. Эми ал жарандын студент экенин маалымат системалары аркылуу 1-2 мүнөттүн ичинде текшерип алууга шарт түзүлдү.