Бүгүн Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Быйыл 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына 27 жыл толду.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, окуянын катышуучулары жана курман болгондордун жакындары катышып, баатырлардын эстелигине гүл коюшту. Ошондой эле курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
Эске салсак, 1999-жылы куралдуу топтор Баткен районунун аймагына кирип келген. Кагылышууларда Кыргызстандын 76 жараны курман болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган.

