Элдар Жакыпбеков баш болгон беш адам камакта калтырылды


Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин жана аларга байланышы бар адамдардын бөгөт чарасын карап, шектүүлөрдү камакта калтырды.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин мурдагы директору Айбек Ташматов 15-ноябрга чейин камакта калтырылды.