Балбан Амантур Исмаилов коло медаль жеңди


Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Үчүнчү орун үчүн беттеште Исмаилов Россиянын балбаны Мингиян Горяев менен кез келип, аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.