Бүгүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын өрөөндөрүндө +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көл чөлкөмүндө +9…+14 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +14…+16, Ош шаарында +20…+22 градуска жетет.

