Электр жарыгын керектөө кескин көбөйдү


 Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 27-октябрда 64 млн 318 миң кВт/саатка жетти.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтан билдиришкендей, бул күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Быйыл 27-октябрдагы керектөө өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 16 млн 449 миң кВт/саатка көп болду. 2025-жылдын 27-октябрында суткалык керектөө 47 млн 869 миң кВт/саатты түзгөн.

Адатта суткасына 66 млн кВт/саат жана андан көп электр энергиясы кыштын эң суук айларынын бири болгон декабрда керектелет. Бирок быйыл октябрь айында эле керектөө кышкы көрсөткүчтөргө жакындады.

«Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү аба ырайынын суукташы жана электр менен жылытуучу шаймандардын көбүрөөк колдонулушу менен байланыштуу. Мындан улам электр тармактарына, трансформаторлорго жана башка жабдууларга түшкөн жүктөм көбөйүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ишкана электр тармактарынын техникалык абалын жана жүктөм жогорулаган шарттагы ишин күнү-түнү көзөмөлдөп жатат.

Ошондой эле мекеме керектөөчүлөрдү электр энергиясы эң көп пайдаланылган эртең мененки жана кечки сааттарда аны сарамжалдуу колдонууга чакырат. Мүмкүнчүлүккө жараша электр энергиясын көп керектеген шаймандарды бир убакта эмес, кезектештирип колдонуу тармактарга түшкөн жүктү азайтууга жардам берет.