Кыргыздын улуттук мурасын, өзгөчө кийимдерин, ал тургай ак мөңгүлүү асман тиреген тоолорунун ажайып кооздугун дүйнөлүк подиумда даңазалап келе жаткан KESHTE мода үйү Кытайда өткөн Eurasia Fashion Week эл аралык мода жумалыгында Кыргызстанды жогорку деңгээлде көрсөтө алды.
Кытайдын Шинжаң аймагындагы Арал шаарында өткөн эл аралык иш-чара мода, дизайн, текстиль өнөр жайы жана маданий кызматташтыкты бириктирди. Быйылкы мода жумалыгы текстиль тармагындагы ири борборлордун бири болгон Xinjiang Light Textile City аянтчасында уюштурулду.

Кыргыз улуттук мурасы — заманбап мода дүйнөсүндө
KESHTE жыл сайын Кыргызстанды эл аралык подиумда таанытып, улуттук мурасыбыздын байлыгын жана кыргыз дизайнеринин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө көрсөтүп келет.
Бул жолку коллекцияда кыргыз элинин салттуу эстетикасы, улуттук оймо-чиймелери жана маданий мурасы заманбап дизайнердик чечимдер менен айкалыштырылды. Ар бир образда улуттук өзгөчөлүк менен жаңыча көркөм көз караш айкалышып, кыргыз модасынын өзгөчө жүзү ачылды.
Коллекциянын өзгөчөлүгү кийимдер менен гана чектелбейт. Кыргызстандын жаратылышынын көркү, чокусун ак мөңгү баскан асман тиреген тоолору, табигаты улуттук образдын ажырагыс бөлүгү катары чагылдырылып, көрүүчүлөргө мекенибиздин кайталангыс кооздугун тартуулайт.
KESHTE коллекциялары жергиликтүү көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратып, бренддин автордук стилине жана кыргыз маданиятына болгон көңүл бурууну арттырууга өбөлгө түзүүдө.
Улуттук баалуулуктарды дүйнөлүк мода тилинде сүйлөтүү
«Бул — жөн гана мода көрсөтүүсү эмес, кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныткан чыгармачылык миссия. Биз улуттук баалуулуктарыбызды сактап гана тим болбостон, аларды дүйнөлүк мода тилинде сүйлөтүп жатабыз», — дейт коллекциянын автору, KESHTE мода үйүнүн негиздөөчүсү Назгүл Каарова.
Анын чыгармачылык багыты улуттук мурасты заманбап дүйнөнүн эстетикасы менен айкалыштырып, кыргыз маданиятын жаңы аудиторияга жеткирүүгө багытталган. Эл аралык подиумдарга катышуу ата мекендик дизайнерлер үчүн өз чыгармачылыгын көрсөтүүгө, жаңы байланыштарды түзүүгө жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
KESHTE командасы Eurasia Fashion Week уюштуруучуларына чакыруусу, жогорку деңгээлдеги уюштуруусу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
KESHTE — улуттук мурастан жаралган заманбап мода. Кыргыз маданиятын, улуттук өнөрдү жана мекенибиздин кайталангыс сулуулугун дүйнөгө тааныткан чыгармачылык жол.

