Мыйзамсыз үй салган жаранга айып пул салынды


Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 109 Жарлыгын аткаруунун алкагында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Курбан-Кара айылынын Мирный участкасында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө № 61 жана № 62 контурлардагы жайыт жерлерине уруксат берүүчү документтерсиз өз алдынча курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталды.
Тактап айтканда, жалпы узундугу 42 метр, туурасы 25 метр болгон жер тилкесинде жер кыртышы бузулуп, пайдубалы куюлуп, үстү жабылган турак үй жана кошумча пайдубал курулган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 25 токтому менен бекитилген таксалардын негизинде жер кыртышынын бузулушунан жана булганышынан келтирилген зыяндын өлчөмү 390 600 сом деп эсептелип, аталган сумма боюнча доо коюлду.
Тиешелүү материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Кара-Суу райондук прокуратурасына жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Жер ресурстарын коргоо жана жер мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштери улантылат.