Ала-Арча суу сактагычынын жанында рейд учурунда көгүчкөндөрдү жем катары колдонуп, жырткыч куштарды кармоого аракет кылган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Мыйзам бузгандарга 12 500 сом айып пул салынып, бир тор алынган. Жем катары колдонулган он көгүчкөн эркиндикке коё берилди. Ал эми жарандардын жанынан жырткыч куштар табылган жок.

