Боомдо 2–6-ноябрь күндөрү жол жабылат


Үстүбүздөгү жылдын 2–6-ноябрь күндөрү Боом капчыгайында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Ушуга байланыштуу жол убактылуу жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.

Эгерде 30–40тан ашык унаа топтолсо, унаалардын өтүшү үчүн иш убактылуу токтотулат.