Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган 2026–2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүүнүн бекитилген болжолдуу планынын негизинде иштерди жүргүзүүдө.
Аталган пландын алкагында Департаменттин Регионалдык акклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмү (станциясы) тарабынан Ысык-Көлдөгү балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери аткарылууда.
Учурда Ысык-Көл жилиңгир (форель) балыгынын 300 миң даана икрасы алынып, аларды жасалма жол менен уруктандыруу жана атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Бекитилген планга ылайык, Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоо жана көбөйтүү максатында бул иштер мындан ары да улантылат.

