Бүгүн өлкө боюнча 1800 чакырымга жакын жол пайдаланууга берилди


Бүгүн, 30-октябрда өлкө боюнча 1800 чакырымга жакын жол пайдаланууга берилди.

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан иш-чарада унаа жолдору транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда онлайн түрдө ачылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан планга ылайык жол куруу жана оңдоо иштеринин алкагында 1800 чакырымга жакын жол толугу менен асфальтталды.