Бишкекте жол кырсыгынан улам өтмөктүн дубалы жабыркады


Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Шабдан баатыр көчөсүнүн (мурдагы Лев Толстой көчөсү) кесилишиндеги жол өтмөктүн дубалы жол кырсыгынан улам жабыркады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда саат 03:07 чамасында аталган жерде жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалымат боюнча, Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол өтмөгүнүн дубалын сүзгөн.

“Окуядан кийин айдоочу өзү Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына кайрылып, жол кырсыгы каттоого алынган. Учурда жабыркаган бөлүктү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө”, — деп белгилешти мэриядан.