Инвестициялык долбоорлор кандай ишке ашат, өлкөнүн экономикасына кандай пайда алып келет жана инвесторлор менен кызматташтык кандай жолго коюлган? Бул суроолорго жооп алуу үчүн журналисттер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун бир күндүк иш графиги менен таанышышты. «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында уюштурулган медиа күндүн жүрүшүндө алар жетекчинин ишмердүүлүгүнө күбө болуп, өндүрүш ишканасын жана инфраструктуралык долбоорду көрүп, өздөрүн кызыктырган суроолорду түз берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Күн Биринчи радионун түз эфиринен башталды. Эфирде Равшанбек Сабиров инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыттары, өлкөнүн инвестициялык потенциалы жана агенттиктин инвесторлор менен иштөө тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Андан соң журналисттер кыргыз-казак форумуна катышып, эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын чыңдоо жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча талкууларга күбө болушту.

Медиа күндүн алкагында журналисттер Новопокровка айылындагы AKFA компаниясынын «ГЛАСС ЦЕНТР» өндүрүш ишканасына барышты. Аянты 5 094 чарчы метрди түзгөн завод жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукция чыгарууга жөндөмдүү. Ишканада курулуш тармагына керектүү айнек буюмдары өндүрүлүп, 300 жумуш орду түзүлгөн.
Кийинки багыт Бишкек шаарынын чыгыш айланма акы төлөнүүчү автожолун куруу жана тейлөө долбоору болду. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылуучу долбоор боюнча «Тез Жол» ЖЧКсы менен келишимге 2025-жылдын 26-декабрында кол коюлган. Мамлекеттик өнөктөш — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги. Долбоорго 81,6 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салуу каралган, келишимдин мөөнөтү 30 жылды түзөт. Төрт тилкелүү автожол борбор калаадагы транспорттук жүктөмдү азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана шаарга чектеш аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.
Андан соң, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Нукура Про» ЖЧКсынын ортосунда жалпы инвестициялык көлөмү 7,7 млн АКШ долларын түзгөн «Сүттү кайра иштетүүчү заводду куруу, сүт жана сүт азыктарын өндүрүү» долбоорун Инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизүү жөнүндө келишимге кол коюлду.
Программанын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров журналисттер менен түз баарлашып, алардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле ал «Кабар» маалымат агенттигинин подкастына катышып, инвестициялык саясат, Улуттук агенттиктин ишинин негизги багыттары жана Кыргызстандын инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маек курду.

Күндүн расмий программасы футбол талаасында уланды. Равшанбек Сабиров өз командасы менен футбол ойноп, спортко болгон кызыгуусун да көрсөттү. Ал футбол менен жыйырма жылга жакын убакыттан бери алектенип, команданын капитаны болуп келет. Бул жолугушуу медиа күнгө өзгөчө маанай тартуулап, журналисттерге агенттиктин жетекчисин иш чөйрөсүнөн тышкары да жакындан таанууга шарт түздү.

Медиа күндүн алкагында Басма сөз күнүнө карата маалымат тармагындагы кесиптик эмгеги жана салымы үчүн бир катар журналисттер Ардак грамоталар менен сыйланышты.
«Ачык кабинет» долбоору мамлекеттик органдардын ишин коомчулукка жакындатууга, инвестициялык демилгелер тууралуу маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле журналисттер менен натыйжалуу диалогду өнүктүрүүгө багытталган.

