Бишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кышка карата токтотулду


Египетте чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежелери өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкек — Шарм-эль-Шейх багытындагы бардык авиакаттамдар 2026–2027-жылдардын кышкы сезонуна токтотулду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКсы билдирди. Акыркы каттам 5-ноябрда аткарылат.

Билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасын кайтарып алуу, сапардын күнүн өзгөртүү же башка каттамды тандоо үчүн авиакомпанияларга жана туроператорлорго кайрылуу сунушталат. Каттамдар качан жанданары кийинчерээк маалымдалат.