2-ноябрда Бишкектеги Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде кыргыз профессионалдык театрынын 100 жылдыгына арналган «Кылым карыткан кыргыз театры» аттуу эки томдук китептин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Китепте кыргыз театрынын калыптанышы, өнүгүү этаптары жана анын тарыхына салым кошкон инсандардын өмүрү менен чыгармачылыгы баяндалат. Иш-чарага маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков, окумуштуулар жана театр ишмерлери катышты.

