Кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына карата шоу-концерт өттү


2-ноябрда Бишкекте кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгы жана Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Майрам театр жамааттарынын кызыл килем үстүндөгү салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Ага маданият министри Мирбек Мамбеталиев да катышты.

Көрүүчүлөргө улуттук театрдын тарыхын жана өнүгүү жолун чагылдырган сахналаштырылган номерлер тартууланды. Ошондой эле белгилүү ырчылар өнөр көрсөтүштү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият ишмерлери жана шаар тургундары катышты.