Кош бойлуу келин менен дарыгердин чатагы боюнча түшүндүрмө берилди


Социалдык тармактарда Бишкектеги төрөт үйүндө дарыгер менен кош бойлуу келин жаңжалдашкан учурдун видеосу тарап талкууга түштү.

Келин окуянын видеосун социалдык тармактарга жүктөгөн. Анда анын суусу агып жатканына карабай дарыгерлер ага көңүл буруп, карабай коюшканын айткан.

Талкууларга Улуттук эне жана баланы коргоо борбору жооп берип, окуя боюнча билдирүү таратты.

Ага ылайык, бейтап 31-октябрдан 2-ноябрга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда дарыланууда болгон.

«Ооруканада жаткан мезгилде бейтапка зарыл болгон текшерүүлөр, анын ичинде УЗИ жана амниотикалык суюктуктун бар-жогун аныктоочу эки жолку тест жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акушердик багытта стационардык дарылоону улантууга медициналык көрсөткүчтөр аныкталган эмес. 2-ноябрда бейтап стационардык дарылоону улантууга медициналык негиздер болбогондуктан чыгарылып, тиешелүү адистештирилген мекемеге консультация алууга жөнөтүлгөн. Белгилей кетсек, медициналык кызматкерлер бейтаптын даттанууларына ылайык бардык зарыл текшерүүлөрдү жана медициналык иш-чараларды толук жүргүзүшкөн. Медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес деген пикирлер окуянын бардык жагдайларын толук чагылдырбайт», — деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.