Бүгүн, 3-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана Ganfeng Lithium Group Co., Ltd. компаниясынын вице-президенти Чжу Тяньлун өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документ инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде тоо-кен өнөр жайы, заманбап технологияларды киргизүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу багыттарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган.
«Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү. Биз заманбап технологияларды киргизүүгө, тажрыйба алмашууга жана экономиканын тармактарын өнүктүрүүгө, өлкөнүн инвестициялык потенциалын чыңдоого өбөлгө түзө турган демилгелерди биргелешип иштеп чыгууга ачыкпыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Меморандумдун алкагында тараптар өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, маалымат алмашууга жана келечектүү инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип кароону билдиришти.

