Баткенде 10 айылдын тургундары таза суу менен камсыз болду


Баткен жана Кадамжай райондорунда 10 айылдын тургундары ичүүчү суу менен камсыз болду.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн катышты.

Кадамжай районунун Үч-Коргон, Калача, Тегирмеч жана Чаувай айылдарында курулган суу системалары 20 миң 731 адамды камтыйт. Ал эми Совет айылында жаңыланган система 1 миң 732 тургунга кызмат көрсөтөт.

Ал эми Баткен районунун Самаркандек, Жаңы-Бак, Паскы-Арык, Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарында таза суу түтүктөрү орнотулду. Долбоор 18 миң 895 адамды таза суу менен камсыздоого багытталган.

Белгилей кетсек, жалпы 60 млн долларлык долбоор 2020-2026-жылдары АРИС тарабынан ишке ашырылып, Баткен жана Талас облустарынын 61 айылындагы 150 миңге жакын тургунду таза суу менен камсыздоону көздөйт.