Замирбек Сыдыков Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды


Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРКонституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 8-беренесине ылайык Сыдыков Замирбек Бейшенович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.