«Супара» этнокомплексиндеги өрт толук өчүрүлдү


Аламүдүн районунун Чуңкурчак айылындагы «Супара» этнокомплексинде чыккан өрт саат 15:50дө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, өрт 4-ноябрда кечинде чыккан.

«Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда», — деп билдиришти министрликтен.