Сары-Кыр ашуусу жайга чейин жабылды


Жалал-Абад – Казарман унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусу кыш мезгилинде кардын калың жаашына байланыштуу кооптуу болгондуктан, 2027-жылдын 10-июнуна чейин жабылды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Мекеме айдоочуларды аталган ашуу аркылуу жүрбөөгө жана коопсуздук талаптарын сактоого чакырды.

Ошондой эле Сузак районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө берилген жаңы «ЖАК» үлгүсүндөгү унаа тоолуу айылдарга чейин барып, кызмат өтөп жатат.