«Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады


9-ноябрда Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын орнотуу иштери башталды.

Орнотуу иштерин «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Анын металл каркасына 3 миң 800 даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет.

Борбор калааны жаңы жылдык жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин улантылат.