Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди


Бүгүн, 10-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.

2026-жылдын 10-ноябрына карата КР БШКга Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түшкөн.

Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.