«Манас» аэропортунун жаңыланган аэровокзалы жакында толук ачылат


“Манас” эл аралык аэропортунун жаңыланган аэровокзал комплекси жаңы жылга чейин толук пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, реконструкциянын натыйжасында аэровокзалдын имараты кеңейтилип, жалпы аянты 20 миң чарчы метрге көбөйгөн. Ошондой эле жабдуулар толугу менен жаңыланып, жүргүнчүлөрдү тейлөө технологиясы жана коопсуздук системасы өзгөртүлдү.

“Азырынча курулуш иштери толук аяктай элек. Курулуш иштери жүрүп жаткан үч жыл ичинде аэропорт бир мүнөткө да жабылган жок. Бардык каттамдарды кабыл алып, жүргүнчүлөрдү жана авиакомпанияларды тейлөөнү уланттык. Иштерди аймактар боюнча бөлүп жүргүзүүгө туура келди. Албетте, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктар болду. Унаа токтотуучу жайлар жана кирүүчү жолдор убактылуу жабылган учурлар болду. Бирок башка мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, иштерди улантууга туура келди”, — деди ал.

Самидинов белгилегендей, учурда аэропорттун кирүүчү жолдору толугу менен ачылып, жүргүнчүлөрдү тейлөө мурда оңдолуп бүткөн аймактарга которулду. Эми калган иштерди бир айдын ичинде аяктоо пландалууда. Жаңы жылга чейин стерилдүү аймакты ачып, франшиза менен иштеген тейлөө жайларын да киргизүү каралган.

Мындан тышкары, аэропортто унаа токтотуучу жайдын акылдуу системасы ишке киргенден кийин таксилердин жана башка кызматтардын кыймылын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Самидиновдун айтымында, жүргүнчүлөрдү расмий түрдө эки такси оператору тейлейт.

Ал аэропорттун аймагында мыйзамсыз жана башаламан такси кызматтарын иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Бул багытта бардык кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзам чегинде жүргүзүү боюнча иштер аткарылат.