Жогорку Кеңеште 120 жаш адис депутаттардын коомдук жардамчысы болуп иштейт. «Жаш кадрлар мектеби» долбооруна 14 жаштан 35 жашка чейинки 680 адам арыз берген. Алардын ичинен үч этаптуу сынактан өткөн 120 катышуучу тандалып, эки жарым айлык окуудан өттү.
Тандалгандардын орточо жашы — 21. Алардын 59%ын кыздар, 41%ын жигиттер түзөт. Көпчүлүгү жогорку окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү. Эми жаш адистер парламенттин ишине катышып, тажрыйба топтоого жана өз демилгелерин сунуштоого мүмкүнчүлүк алышат.

