Өлкөгө декабрь айында Канададан төртүнчү Dash Q400 учагы алып келинет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов «Ачык кабинет» долбоорунда билдирди.
Анын айтымында, учактын болжолдуу баасы 10 миллион долларды түзөт. Ал өлкө ичиндеги каттамдарда колдонулат.
Мындан тышкары, келерки жылдын май айында эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн дагы эки Airbus A321 учагы жеткирилет. Ошондой эле мындай үлгүдөгү дагы сегиз учак сатып алуу пландалууда.
Белгилей кетсек, учактарды мамлекеттик Asman Airlines компаниясы сатып алууда. Буга чейин Кыргызстанга үч Dash Q400 учагы жеткирилген.

