«Түндүк» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы тиркемеге жасалма интеллект менен иштеген жардамчы кошулат. Бул тууралуу «Кызмат» мекемесинин өкүлдөрү Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдиришти.
Ага ылайык, ЖИ-ассистент жарандар менен консультант сыяктуу сүйлөшүп, мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн кандай документтер керектигин жана кандай талаптар аткарылышы зарылдыгын түшүндүрүп берет. Жардамчы жакынкы айларда ишке кириши мүмкүн.
Мындан тышкары, мамлекет «Ар бир тармакта ЖИ» аттуу беш жылдык программаны иштеп чыгууда. Анын алкагында жасалма интеллектинин алгачкы долбоорлору билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, энергетика, транспорт жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактарына киргизилет. Жалпысынан 20дан ашык долбоорду ишке ашыруу пландалууда.
Брифингде «Түндүк» тиркемесиндеги дагы эки жаңылык айтылды:
эми жарандар жеке маалыматтарын кайсы мамлекеттик органдар суратып алганын тиркеме аркылуу текшере алышат;
чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар паспорт алуу үчүн онлайн арыз бере алышат.

