Равшанбек Сабиров Кара-Балтадагы фармацевтикалык заводдун курулушу менен таанышты


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров 2026-жылдын 11-ноябрында Чүй облусунун Кара-Балта шаарында «Стандарт Фарм Групп» ЖЧКсынын фармацевтикалык өндүрүш комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүздү.

Долбоорго салынуучу инвестициялардын жалпы көлөмү 41,2 миллион АКШ долларын түзөт. Долбоор дары-дармек каражаттарын, желатин капсулаларын жана физиологиялык эритмелерди өндүрүүнү карайт. Ошондой эле анын алкагында 300гө жакын жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө, медициналык продукциянын өндүрүш көлөмүн кеңейтүүгө жана импортко болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган.

Мониторингдин жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы жана ишкананы мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Улуттук агенттиктин башчысы жергиликтүү студенттерди окутуп, кийин аларды өндүрүшкө жумушка орноштуруу боюнча компаниянын оң тажрыйбасына токтолду. Ошондой эле квалификациялуу ата мекендик кадрларды даярдоонун жана жаштардын кесиптик өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.