13-ноябрга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн аймагында жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарында +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Талас өрөөнүндө +2…+7 градус болот.
Бишкекте термометр +6…+8 градусту көрсөтүп, жаан-чачын күтүлбөйт. Ош шаарында +9…+11 градус болуп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап турары айтылды.