Кыргызстанда аскердик жана жарандык максаттар үчүн жеңил брондолгон автоунааларды чыгаруу жана чогултуу пландалууда. Долбоорго 10 млн доллар инвестиция тартылганын Улуттук инвестициялар агенттиги билдирди.
Долбоорду «С.М. ИЛБИРС» компаниясы ишке ашырууда. Өндүрүш башталгандан кийин 30 жумуш ордун түзүү пландалууда. 12-ноябрда агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров ишканага барып, иштердин жүрүшүн жана өндүрүштү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

