Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2026-жылдын ноябрь айынын башынан тартып адамдардын тобу алдын ала сүйлөшүп алып, айрым кызмат адамдарынын калкалоосу астында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Куру-Тегерек тилкесинде чачыранды алтынды мыйзамсыз казып алууну уюштурганы аныкталган.
Аталган иштерди жүргүзүү үчүн фронталдык жүктөгүч, насостук жана алтынды жууп-тазалоочу жабдуулар колдонулган. Ошол эле учурда жер казынасын пайдаланууга лицензиясы жана тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок туруп, алтын казылып, жуулуп алынган.
Кийин мыйзамсыз казылып алынган алтындар мыйзамда белгиленген тартипти кыйгап өтүү менен сатылып турган. Аны сатуудан түшкөн ири өлчөмдөгү акча каражаттарынын мыйзамсыз келип чыгышын жашыруу жана аларга ээлик кылуу менен тескөөгө мыйзамдуу көрүнүш берүү максатында ар кандай аракеттер көрүлгөн.
Мындан тышкары, алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү калкалоо үчүн район акиминин жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын атына акча которуу системалары аркылуу которулуп турган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында төмөнкү жарандар кармалды: Чаткал районунун акими 1975-жылы туулган С.А.; Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы 1972-жылы туулган Т.Т.; 1988-жылы туулган Э.А. жана 1979-жылы туулган Ж.З..
Кармалгандарга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды.
Учурда тергөө тарабынан алтынды сатуу каналдары, мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын кыймылы, ошондой эле алтынды мыйзамсыз казып алууну жана сатууну уюштурууга, андан түшкөн кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга тиешеси бар башка кызмат адамдары жана жарандар аныктоодо.

