Эми музыкалык мектептердин директорлору ачык сынактын жыйынтыгы менен дайындалат


Кыргызстанда балдар музыкалык, көркөм сүрөт мектептеринин жана искусство мектептеринин директорлору эми ачык сынактын негизинде дайындалат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Жаңы тартип жетекчилерди тандоонун ачык-айкын болушун жана талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берүүнү көздөйт. Бош орундар, талаптар, керектүү документтер жана сынактын мөөнөттөрү тууралуу маалымат министрликтин сайтына жарыяланат.