Сузак районундагы Сасык-Булак айылында жайгашкан кыш чыгаруучу ишкана атмосфералык абаны коргоо талаптарын бузганы үчүн 28 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда ишкананын мештеринин морлоруна чаң-газ тазалоочу жабдуулар орнотулбаганы аныкталган.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, ишканага төрт пункттан турган эскертме берилди. Кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.

